24.kg
08:24, 27 марта 2020, 24.kg

Казакстанда коронавирустан бир адам каза болду

Казакстанда коронавирустан бир аял каза болду. Бул тууралуу 26-март күнү кечинде өлкөнүн маалымат жана коомдук өнүгүү министр Даурен Абаев билдирди.

Буга чейин Нур-Султанда төрт бейтаптын абалы туруктуу оор деп бааланып жатканы, бир адам жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылганы кабарланган.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 113кө жетти.

28-марттан тартып өлкөнүн Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында карантин чаралары күчөтүлөт. Аларга ылайык, шаар тургундарына азык-түлүк, дары-дармек алууга жана жумушка барып келүүгө гана үйлөрүнөн чыгууга уруксат берилет. Бардык сейилдөөчү жайлар, балдар аянтчалары жабылат. Мындан тышкары коомдук транспорттун жүрүшү чектелип, үч кишиден ашуун жолуугуга тыюу салынат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18