24.kg
12:03, 26 марта 2020, 24.kg

Коронавирус менен күрөш эсебине 35 миллион сом топтолду

Коронавирус менен күрөшүү боюнча өкмөт жүргүзүп жаткан иш-чараларды колдоо иретинде ачылган эсепке 35 миллион 293 миң 891 сом которулду. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Белгилей кетсек, атайын эсепке Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев — 1 миллион сом, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жана «ЦУМ Айчүрөк» — 1,5 миллион сом, парламенттин мурдакы депутаты Алманбет Шыкмаматов 10 миң сом, «Республика» партиясынын мурдакы лидери Өмүрбек Бабанов — 3 миллион сом, «Дордой» — 1 миллион сом, тишкер Нурлан Ибраев — 1миллион сом, Самсаалы Четимбаев — 10 миң сом, «Неман фарм» — 900 миң сом, «Лекарь» — 300 миң сом, Эл аралык ишкерлер кеңеши — 21 миң 258 сом, президент Сооронбай Жээнбеков — 53 миң сом, муфтият 700 миң сом, «Нурзаман» курулуш компаниясы — 1 миллион сом, Конституциялык палатанын судьялары — 28 миң 700 сом.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18