24.kg
11:46, 26 марта 2020, 24.kg

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Гуманитардык жардам 25-мартта «Торугарт» чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда өткөрүлүп берилди.

Аны Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды.

«Гуманитардык жардамды Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг мырза тапшырып, кыргыз элинин коронавирусту тезирээк жеңип чыгуусун тилек кылды», — дейт штаб.

Кытай 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткаптар, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийим тапшырды. Андан тышкары, 10 миң даана беткаптарды Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине беришти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18