24.kg
10:28, 26 марта 2020, 24.kg

Менчик клиникаларда коронавирусту аныктоочу тесттен өтүүгө болбойт

Менчик клиникалардан коронавирусту аныктоочу тесттен өтүүгө болбойт. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, тест чет жактан кайтып келгендер жана COVID-19 вирусун жуктургандар менен байланышта болгондорго гана колдонууда.

«Коронавирустун бар-жогун аныктоочу тестти жеке менчик клиникалардан акча төлөп өтүүгө азыр болбойт. Учурда чет жактан кайтып келгендер жана COVID-19 вирусун жуктургандар менен байланышта болгондор гана тест аркылуу текшерилип жатат. Эгерде сиз оорулуу адам менен байланышкан болсоӊуз, ыкчам байланыш линиясына кайрылуу керек», — дейт Айнура Акматова.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18