24.kg
17:32, 25 марта 2020, 24.kg

Өзгөчө абалда дарыгерлер менен журналисттердин кыймылы чектелбейт

Өзгөчө абал киргизилген аймакта дарыгерлердин кыймылы чектелбейт. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарынын коммендантынын орун басары Азизбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана менчик ооруканалардын баары иштейт.

«Медкызматкерлер үчүн эч кандай чектөөлөр жок. Азыр биз алардын жумушка баруу жана кайра үйүнө кайтуу маселесин чечип атабыз, алардын каттамдар планын иштеп жатабыз. Бул маселеге мэрия Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жооп берет», — деди Азизбек Алымкулов.

Дарыгерлер менен бирге журналисттер дагы өзгөчө абалга карабай кеңири иш алып бара алышат.

«Мен Бишкек шаарынын коменданты катары журналисттер үчүн эч кандай чектөө коюлбайт деп айта алам. Бирок аккредитация маселеси боюнча республикалык штаб менен сүйлөшүп, мыйзамдын чегинде эрежелерди иштеп чыгабыз. Жакында бул маселе боюнча так жооп беребиз», — деп жооп берди Алмазбек Орозалиев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18