24.kg
15:04, 25 марта 2020, 24.kg

Бишкек жана Ош шаарларына катталган адамдар гана кире алат

Бишкек жана Ош шаарларына катталган адамдар гана кире алат. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүүчү республикалык штаб маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, өзгөчө абал режими киргизилген аймакка жергиликтүү каттоосу жок жарандардан башкаларга кирүүгө тыюу салынган.

«Режимде ишкерликтин уруксат берилген түрлөрүнүн тизмеси бар. Бул тизмедеги жумушчулардын кыймылы саат 07.00 дөн 20.00 гө чейин иштеген жеринен ишкананын жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн справканын негизинде, алдын ала аныкталган багыт жана ишкана тарабынан уюштурулган унаа менен жүрүүсү керек. Аймактык комендатурасынын кароосуна компаниянын жетекчисинин колу жана мөөрү менен жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 25-марттан тарта баштап Бишкек жана Ош шаары, Жалаб-Абаддын Сузак, Оштун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда өзгөчө абал киргизилди. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18