24.kg
14:44, 25 марта 2020, 24.kg

Түркия Бишкек шаарына салынган оорукананы Кыргызстанга өткүрүп берди

Түрк бийлиги Бишкек шаарына салынган оорукананы Кыргызстанга өткүрүп берди. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматта, covid-19 менен күрөшүү учурунда мындай еолдоо маанилүү экендиги айтылат.

Дүйнөдөгү эпидемиялык кырдаал жөнгө салынгандан кийин расмий түрдө өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, 72 орундуу кыргыз-түрк ооруканасы толук жабдылган. Бирок, ортодогу сүйлөшүүлөр жыйынтыктала электигинен дагы эле ачылбай турат.

Кыргыз бийлиги оорукананы азыркы кырдаалда колдонобу, же жокпу азырынча белгисиз.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18