24.kg
10:47, 25 марта 2020, 24.kg

Коронавирус менен күрөш эсебине 17 миллион сом түштү

Коронавирус менен күрөшүүгө жардамды топтоо үчүн ачылган эсепке 17 миллион 912 миң сом түштү. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Кечээ эсепке 6 миллион 800 миң сом которулду.

Белгилей кетсек, атайын эсепке Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев — 1 миллион сом, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жана «ЦУМ Айчүрөк» — 1,5 миллион сом, парламенттин мурдакы депутаты Алманбет Шыкмаматов 10 миң сом, «Республика» партиясынын мурдакы лидери Өмүрбек Бабанов — 3 миллион сом, Самсаалы Четимбаев — 10 миң сом, «Неман фарм» — 900 миң сом, «Лекарь» — 300 миң сом, Эл аралык ишкерлер кеңеши — 21 миң 258 сом, президент Сооронбай Жээнбеков — 53 миң сом, муфтият 700 миң сом которду.

 

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18