24.kg
18:54, 24 марта 2020, 24.kg

Коронавируска шектелген бөбөктөн илдет аныкталбады

Коронавируска шектелген бөбөктөн илдет аныкталбады. Бул тууралуу маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, карантинге жаткырылган бейтаптардын арасында эки бир жашка жетпеген ымыркай бар.

«Бирөөсүнөн илдет аныкталды, экинчисинин анализи таза чыкты. Бирок, экинчи бөбөктүн апасы коронавирус менен ооруйт. Алты жана 14 жаштагы балдардын анализи дагы ырасталган жок. Калгандардын жаш курагы 16 жаштан 86 жашка чейин», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкылардан болуп коронавирус умрага барып келген Сузактын үч жаранынан ырасталды. Алардын бири үй карантининде олтурганына карабай, той өткөргөн.

Андан кийин Ноокаттан умрага барып келген үч аялдан жана Баткен облусунун бир тургунунан илдет табылды. Алар менен чогуу учуп келген жарандар карантинге алынды.

Учурда Жалал-Абад облусунда — 19, Ошто — 20, Баткенде −1, Бишкекте-2 адам вирус жуктуруп алгандыгы ырасталды. Калган облустарда каттала элек.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18