24.kg
15:47, 24 марта 2020, 24.kg

Коронавирусту жуктургандардын 14ү дагы умрадан келишкен

Коронавирусту жуктургандардын 14ү  умрадан келишкен. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Сауд Арабияга барып келген дагы 14 жарандан илдет аныкталды.

Бүгүн республикалык штаб дагы 26 кишинин анализинен вирус такталганын белгиледи. Алардын үчөө жаш бала. 16сы Сауд Арабияга барып келгендер. 12 адамга умрага барып келгендерден жуккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкылардан болуп коронавирус умрага барып келген Сузактын үч жаранынан ырасталды. Алардын бири үй карантининде олтурганына карабай, той өткөргөн.

Андан кийин Ноокаттан умрага барып келген  үч аялдан жана Баткен облусунун бир тургунунан илдет табылды. Алар менен чогуу учуп келген жарандар карантинге алынды. 

Учурда Жалал-Абад облусунда 19, Ошто 20, Баткенде -1, Бишкекте-2. Калган облустарда каттала элек. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18