24.kg
15:45, 24 марта 2020, 24.kg

Парламентте коронавирус боюнча маалыматты таркатууда элди бөлбөө сунушу айтылды

Коронавирус боюнча маалыматты таркатууда элди бөлүп жарбоо керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Садык Шер-Нияз билдирди.

Ал азыр элди ынтымакка жана биримдикке чакыруу маанилүү экендиги айтылды.

«Вирус каяктан келди? Ким тарабынан келди? Кайсы жерде аныкталып жатат? Ал маанилүү эмес. Азыр баарыбыз бирге иш алып барышыбыз керек. Өкмөт дагы маалымат бергенде этият болгула. Кыйын күндөр келе жатат. Керек болсо күнү-түнү иштейли биз дагы», —деди Садык Шер-Нияз.

Белгилей кетсек, бүгүн коронавирустун 26 жаңы учуру катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, Сузакта — 9, Ала-Букада −2, Ноокатта-6, Ош шаарында — 8, Кара-Сууда −1.

Өлкө боюнча вируска кабылгандардын саны 42ге жетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18