24.kg
14:38, 24 марта 2020, 24.kg

Бишкекте комменданттык саат киргизилет. Кайсы убакта көчөгө чыгууга болот?

Өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу Бишкекте коменданттык саат жүрөт. Бул тууралуу маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, шаардын коноктору бүгүн түнү Бишкектен чыгып кетиши керек.

«Коменданттык саат 25-марттан баштап күчүнө кирет. Жарандардын кыймылына кечкисин чектөө киргизилет. 20.00дөн 07.00 чейин кеңири басып жүрүүгө болбойт», — дейт министрдин орун басары.

Алмаз Орозалиев азык-түлүк саткан дүкөндөр кадимкидей иштей берерин белгиледи.

Комменданттык саатты бузгандар жоопкерчиликке тартылат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18