24.kg
14:33, 24 марта 2020, 24.kg

Өзгөчө абал киргизилген аймактардын коменданттары дайындалды

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болуп бекитилди.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп дайындалды.

Өлкөдө COVID-19 вирусу жуккандардын саны 42 адамга жетти. Буга чейин вирус 16 кишиден чыккан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18