24.kg
10:18, 24 марта 2020, 24.kg

Коронавирус жуктуруп алдым деп шекшигендер онлайн тесттен өтө алышат

Коронавирустун белгилерин тактоо иретинде онлайн-тест иштелип чыкты. Бул тууралуу Байланыш жана маалыматтык технология комитети билдирет.

Hi Doctor — бул өз саламаттыгын текшерүүчү маалыматтык сервис. Сайт медицинанын акыркы жетишкендиктери боюнча дагы маалымдап турат.

«Тест аркылуу COVID-19 илдетинин симптомдорун текшерип, өз алдынча аныктап алууга болот. Бул биздин саламаттыкты сактоо тармагындагы адистердин түйшүгүн жеңилдетүүгө жардам берет. Тестти балдарга колдонууга болбойт. Эгер сизде балаңыз илдетти жуктуруп алгандыгы боюнча күмөн болсо анда 118 номуруна чалыңыз», — дейт мекеме.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 16 адам аныкталды. 25-марттан тарта өлкөдө өзгөчө абал киргизилет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18