24.kg
19:44, 23 марта 2020, 24.kg

Дарыгерлер коомдук транспорттун токтошунан улам больницада түнөшүүдө

Кара-Балта жана башка алыскы шаар чекесинде жашап, бирок Бишкек шаарындагы бейтапканаларда иштеген дарыгерлер коомдук транспорттордун кыскартылышынан улам больницада түнөшүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандардын бири маалымдады.

Анын айтымында, мисалы, Кара-Балталык медайымдар станцияда түнөөгө мажбур, себеби үйүнө кетүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок.

«Дарыгерлер үчүн убактылуу транспорт табууга эмнеге болбосун? Ыктыярчылар шаардын чекесине гана жеткире алышат», — деп жазган окурман.

Кандайдыр бир окуяларга күбө болсоңуз 24.kg агенттигине 0555312024 номуру аркылуу WhatsApp же Telegram жөнөтсөңүз болот.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18