24.kg
18:36, 23 марта 2020, 24.kg

Кыргызстанда дагы 2 жарандан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 2 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, илдетке чалдыккандар Ноокат районунун 1960-жылы туулган жарандары экени аныкталды. Алар жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды, учурда абалдары канааттандыраарлык.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 16га жетти. Өлкөдө 22-марттан тартып өзгөчө кырдаалдар тартиби кабыл алынды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18