24.kg
15:38, 23 марта 2020, 24.kg

Канада менен Австралия Токиодо өтө турган Олимп оюндарына катышуудан баш тартты

Канаданын Олимпиадалык жана паралимпиадалык комитеттери COVID-19 пандемиясынан улам Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына катышуудан баш тартышты. Кийинчерээк Австралиянын Олимпиадалык комитети да ушундай чечим кабыл алганы белгилүү болду.

Канада өз билдирүүсүндө Эл аралык олимпиада комитети менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун жайкы Олимп оюндарын бир жылга жылдырууга чакырган.

Өз кезегинде австралиялык комитет өлкөнүн спортчулары 2021-жылкы оюндарга даярдана турганын билдирди.

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам Олимп оюндарын жылдыруу өтүнүчү менен Эл аралык олимпиада комитетине Норвегия менен Бразилия кайрылган.

Өткөн жумада комитеттин башчысы Томас Бах оюндарды жылдыруу ыктымалдыгы тууралуу чечим жакынкы күндөрү кабыл алынарын билдирген.

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ 23-мартта өлкө парламентинде сүйлөп жатып, Олимпиаданы өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу ыктымалдыгы бар экенин айткан.

Жайкы Олимп оюндарын быйыл 24-июлдан 9-августка чейин Токио шаарында өткөрүү пландалган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18