24.kg
14:18, 23 марта 2020, 24.kg

Өкмөт баардык чыгымдарды кыскартты

Өкмөт баардык чыгымдарды кыскартты. Бул тууралуу брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, автоунааларды оңдоо, чет өлкөгө иш сапарга бөлүнгөн чыгымдар жоюлду.

«Бизнес акча топтоо сунушу менен кайрылды. Азыр эки банкта 8 миллион 702 миң сом бар. Бул эсептен бир дагы тыйын коротула элек. Акча Жогорку Кеңештин уруксаты менен гана сарпталат. Биз күн сайын ал каражаттын каякка жумшалып жаткандыгы боюнча маалымат берип турабыз», — деди Эркин Асрандиев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18