24.kg
12:42, 23 марта 2020, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков эсеп бөлүмүнө март айынын айлык маянасын которду

Президент Сооронбай Жээнбеков майрт айынын айлык маянасын коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсеп бөлүмгө которду. Сооронбай Жээнбековдун бир айлык маянасы 53 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, коронавируска каршы ачылган эсепке баарынан көп Өмүрбек Бабанов 3 миллион сом которгон. Белгилей кетсек «Республика — Ата-Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 5 миллион сом которууга сөз берген.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевке таандык ЖЧК «Беш Сары» 1 миллион сом которду. Ошондой эле ЖЧК «Неман фарм» медициналык бет кап үчүн 900 миң сом которсо, ЖКК «Лекарь» 300 миң сом которду.

Эл-аралык иштер кеңешмеси 21 миң 358 сом бөлсө, Алмамбет Шыкмаматов менен Самсаалы Четимбаев 10 миң сомдон которушту.

Бүгүнкү күндө коронавируска каршы ачылган эсеп бөлүмүнө 5 миллион 294 миң 358 сом түштү. Которулган акчалар азырынча колдонула элек.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18