24.kg
10:58, 23 марта 2020, 24.kg

Кытайда коронавиуска чалдыккандардын 90 пайызга жакыны айыкты

Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны азайды. Учурда бейтапканаларда 5 миң 120 адам дарыланууда. Жалпысынан 90 пайызга жакын бейтап илдеттен арылышты. Бул тууралуу Кытай саламаттыкты сактоо комитетинин берген маалыматына таянып чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалымака ылайык, Кытайда коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 81 миң 93 болсо, анын ичинен 72 миң 703 адам айыкты. Бейтаптан чыгып кеткендердин саны 89, 65 пайызды түзөт.

Коронавирустун очогу болгон Хубэй провинциясында илдетке чалдыккандардын 4, 65 пайызы көз жумган. Ал эми Ухань шаарында каза болгондордун саны 5 пайызды түзөт. Жалпысынан коронавирустун айынан 3 миң 270 адам каза тапкан. Кытай боюнча бейтаптардын 4 пайызы көз жумду.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда илдетке чалдыккандардын саны 14кө жетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18