24.kg
09:37, 23 марта 2020, 24.kg

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жаңы учуру катталган жок

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штабы билдирет.

Маалыматка караганда, вирус менен ооругандардын саны −14. Алардын алтоо-эркек, сегизи аял.

«Бейтаптардын арасында Жалал-Абад облусунун дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор. 1949-жылы туулган эркек жандандыруу бөлүмүнө которулду. Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык», — дейт штаб.

Алар менен карым-катнашта болгон 2 мин 628 адам үй карантининде.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18