24.kg
09:21, 23 марта 2020, 24.kg

Коронавируска каршы вакцинаны даярдоого бир жыл керек

Коронавируска каршы вакцинаны даярдоого бир жыл керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна шилтеп Кыргызстандын коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штабы билдирет.

Уюм вакцинанын  зыяны жоктугу жана натыйжалуулугу толук текшерүүдөн өтүшү керектигин белгилейт.

«Дүйнөдө азыр коронавируска каршы 20дан ашык вакцина даярдалып жатат. Анын ичинде америкалык вакцина сыноодон өткөрүлүүдө. Жакын арада адистер нуклеин кислотасынын негизинде жасалган бир нече дары-дармекти да сыноодон өткөрө башташат», - дейт Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Майкл Райан.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 330 миң кишиге жетти. 14 миңден ашуун адам көз жумду. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, илдетке чалдыккандардын 97 миңдейи айыгып чыкты. 

Кыргызстанда 12 адамдан вирус табылды. Учурда Сузак, Ноокат жана Баткен райондору карантинге жабылды. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18