24.kg
09:12, 23 марта 2020, 24.kg

Өзбекстанда коронавируска карабастан үйлөнүү тойлор өткөрүлүүдө

«Алгач уулумдун үйлөнүү тоюн апрелде өткөрөлү дегенбиз. Бирок азыр коронавируска байланыштуу түрдүү чектөөлөр болуп жатат, ошондуктан эртерээк өткөрүүгө аракет кылуудабыз. Бирок башкалар да апрелдеги тойлорун мартка жылдырып жатышыптыр, ошондуктан бош ресторан таппай жатабыз, бардыгын алдын ала ээлеп коюшуптур», — деди Ташкенттин аты-жөнүн билдиргиси келбеген тургуну.

Ал ортодо Ташкенттеги ресторандар кийинки айга белгиленген үлпөт тойлорго да буйрутмаларды кабыл алуусун улантып жатышат.

Коронавируска байланыштуу 16-марттан тарта Өзбекстандагы бардык мектептер, жогорку окуу жайлар жана бала бакчалар карантинге жабылган. Мындан тышкары адамдар көп катышкан иш-чараларды, анын ичинде «Ноорузга» карата майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынган.

22-марттагы маалыматка ылайык, Өзбекстанда 41 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18