24.kg
09:09, 23 марта 2020, 24.kg

COVID-19: Иран АКШнын жардам берүү сунушун четке какты

Иран АКШнын коронавируска каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүү сунушун четке какты. Бул тууралуу жекшемби күнү өлкөнүн руханий лидери Аятолла Али Хаменейи билдирди.

«Силерге эч ким ишенбейт. Жардам деп биздин өлкөгө вирусту күчөтө турган дары алып келишиңер мүмкүн», — деди Хаменейи.

Бир нече күн мурда АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран жардам сураса, эпидемияга каршы күрөшүүгө жардам берүүгө даяр экенин билдирген. Өз кезегинде Ирандын президенти Хасан Роухани бул сунушту дароо четке кагып, жардамдын ордуна Иранга киргизилген санкцияларды токтотууга чакырган.

Акыркы маалыматтар боюнча Иранда коронавируска чалдыккандардын саны 22 миңге жакындап, 1685 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18