24.kg
09:06, 23 марта 2020, 24.kg

Кыргызстанда билим берүү мекемелери окуу жылын дистанттык режимде аякташы мүмкүн

Кыргызстандагы билим берүү мекемелери окуу жылын дистанттык режимде аякташы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, учурда мектептер менен жогорку окуу жайлары 8-апрелге чейин каникулга тараган.

Өмүров окуу жылы жай айларына чейин узартылбай турганын, учурда Билим берүү жана илим министрлиги төртүнчү чейректин окуу процессин аралыктан окууну уюштуруу үчүн бир катар иш-чараларды уюштуруп жатканын маалымдады.

«Биздин максат — Интернеттин бар-жогуна карабастан, бардык окуучуларды камтуу. Ошондуктан, биз ТВ, уюлдук тиркемелер жана мессенжерлер аркылуу аралыктан окуунун альтернативдүү ыкмаларын иштеп жатабыз. Мындан улам, билим берүү мекемелерине киргизилген үч жумалык карантиндин убактысы узартылса, окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт», — деп билдирди Нурлан Өмүров.

Министрликтин өкүлү кошумчалагандай, 8-апрелден тарта мектеп окуучулары үчүн видео сабактар башталат.

Дүйнөгө жайылып жаткан коронавирустан улам Кыргызстанда мектептер жана окуу жайлар 16-марттан тарта кезексиз каникулга тараган. Учурда өлкө боюнча 14 адам бул илдетти жугузуп алганы аныкталды. Алар менен байланышта болгон 2628 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18