24.kg
18:44, 20 марта 2020, 24.kg

Албаниянын өкмөт башчысы министрлердин айлыгын кыскартты

COVID-19 коронавирусун алдын алуу үчүн Албаниянын өкмөт башчысы Эди Рама, министрлер менен орун басарлардын айлыгын кыскартуу чечимин кабыл алды. Бул туралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Албания Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча өлкөдө 64 адам коронавирус жуктуруп алган. Учурда Албания карантинде.

«Биз, өлкөгө бир нерсе беришибиз керек! Кимде-ким көп акча тапкан болсо бөлүшсүн. Мен, өкмөттүн өкүлдөрүнүн айлык маянасынын жарымын кыскартуу чечимин кабыл алдым», — деп жазган өкмөт башчы Facebook баракчасына.

Аны менен катар, экономикалык колдоо иретинде жаңыча иш-аракеттери көрүү туурасында маалымдады.

«Баардык дарыгерлерге 25 миллион доллар жардам катары бөлүндү. 100 миллион доллар кызматкерлердин айлыгына бөлүнгөн. Экономикалык абалы оор адамдар менен фирмаларга 6,5 миллион долларды жардам катары бөлөбүз», — деп билдирет Эди Рама.

Эске сала кетсек, Албания өлкөсүндө светтин тууму токтотулган. Ал эми ишканалар 1-июнга чейин салык төлөбөйт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18