24.kg
17:06, 20 марта 2020, 24.kg

Ысык-Көл облусундагы пансионаттар карантинге алынат

Ысык-Көл облусундагы баардык пансионаттар жана конок үйлөр коронавируска карата жабылат. Мындай чечим облусттук штабдын коронавирусту алдын алуу боюнча өткөн жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда 127 пансионат, 192 конок үй, 12 эс алуу борбору, 3 калыбына келтирүү борбору жана 19 өспүрүмдөр эс алуу лагери бар. Бүгүнтөн тартып баардыгы карантинге алынат.

«Биз облустун аймагында коронавирусту алдын алуу жана жайылуусуна бөгөт коюу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунушун аткарышыбыз керек. Бул убактылуу гана кырдаал», — деп билдирген облусттук штабдын ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад облустарында коронавирус катталды. Илдетке чалдыккандардын жалпы саны 6га жетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18