24.kg
13:00, 20 марта 2020, 24.kg

Коронавирус жуктургандар Кувейттен келишкен

Ноокаттагы коронавирус илдетине чалдыккан аялдар Кувейттен учуп келишкен. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова парлементтин көпчүлүк коалициясынын жыйынында маалымдады.

Маалыматка ылайык, Ноокаттагы 3 бейтап Ошко Кувейттен учуп келген.

«Илдетке чалдыккан 3 аялдын диагнозу COVID-2019 коронавирусун тастыктады. Алар Кувейтке кичи ажылыкка барышкан, ал эми Ошко эки рейс менен учуп келишкен. Учурда райондун акими өзгөчө тартипти киргизип, баардык чараларды көрүүдө», — дейт Алтынай Өмүрбекова.

Эске сала кетсек, Ноокаттагы илдет жуктуруп алган жарандар Кувейттен келишкен. Ал эми буга чейин Кыргызстанда 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталган. Жалпы өлкөдө 6 адамдан коронавирус аныкталды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18