24.kg
11:38, 20 марта 2020, 24.kg

Бизнесиңиздин документи менен банктарга кайрылсаныз болот

«Эгер, коронавирустун айынан жапа чеккен ишкерлердин өздүгү жана бизнеси тууралуу документи болсо, жардам берүүгө даярбыз», — дейт улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов. Бул тууралуу ал бүгүнкү маалымат жыйында жарыялады.

Анын айтымында, кечээ коммерциялык банктын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөн.

Тарапташтар мүмкүн болгон баардык чараларды көрүп, коронавирустан жапа чеккен бизнестерди колдоону талкуулашкан .

Улуттук банк коммерциялык банктардын жетекчилерине, кредиттин тууму менен айып пулдарды токтото турууну, кредиттик бюролорго жагымсыз маалыматтарды таратпоого жана төлөмдөрүн жылдырып туруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

«Сөз бир гана өкмөттүн токтомуна ылайык жабылууга аргасыз болгон бизнес жөнүндө эмес. Биз физикалык жактарды да ойлошубуз керек. Эгер алар кандайдыр бир кырдаалга жараша маселелери жаралса, банктарга өздүгүн тастыктаган документтери менен арыз жазып кайрылса болот. Ар бир карызы бар адамдын ар кандай абалы бар. Ошондуктан ар бир жаран менен өзүнчө сүйлөшүүгө туура келет», — дейт Толкунбек Абдыгулов.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18