24.kg
10:03, 20 марта 2020, 24.kg

Коронавирус жалпы 160 өлкөдө катталды

COVID-2019 коронавирусу дүйнө жүзү боюнча 160 өлкөнү каптап алды. Бул тууралуу окумуштуулар ойлоп тапкан онлайн-карта аныктаган. Бүгүнкү күндө дүйнөдө 244 миң 421 адамдан коронавирустун симптомдору аныкталган. Бир күндө катталгандардын саны 25 миң 644тү көрсөтүүдө.

Кытайда жалпы 81 миң 193 адам вирусту жуктуруп алган, андан тышкаркы өлкөлөрдө 163 миң 2 учур катталды. Алардын ичинен басымдуу бөлүгү Италияда (41 миң 35), Иранда (18 миң 407), Испанияда (18 миң 77), Германияда (15 миң 320), АКШда (14 миң 250), ал эми Францияда (11 миң 10).

Коронавирусту жеңгендердин саны жалпы 86 миң 25ти түзөт. Бир күндө 1 миң 912 адам вирустан айыккан.

Ал эми илдеттен көз жумгандардын саны 10 миң 27 адам. Бир күндө 1, 217 чейин барат.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 6. Казакстанда 44, Өзбекстанда 23 учур катталды. Учурда коронавирустун жайылуу коркунучунан улам чектеш чек аралардын баары жабылды.

Борбордук Азия боюнча бир гана Түркменистан менен Таджикистан өлкөлөрүндө каттала элек.

Эске сала кетсек, Дүйнөлүк салаамттыкты сактоо уюму коронавирус дүйнөлүк пандемияга айланаарын эскертишкен.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18