24.kg
16:15, 19 марта 2020, 24.kg

Бишкектеги ири базарлар жабылбайт

Бишкек шаарындагы Ош, Орто-Сай жана Аламүдүн базарлары жабылбайт. Бул тууралуу мэрдин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Гуля Алмамбетова маалымдады.

Анын айтымында, базарларда кошумча дезинфекциялоо жүрөт. Азыр Орто-Сай базары даярдык көрүүдө.

«Азыр базарларды дезинфекциялоо боюнча план түзүп жатабыз. Бул үчүн мамсанитардык көзөмөл борбору менен сүйлөшөбүз. Мындан тышкары, шаардагы баардык базарларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Базар башчылары сатуучуларга тазалоо иштери боюнча алдын ала эскертишет. Алар азык-түлүктөрүн алып, дезинфекциялоо иштерине тоскоол болбогудай болушу керек. Ал эми айрым кичи базарлар жабылат», — дейт Гуля Алмамбетова.

Аны менен катар, мэрияда ири базарлардагы элдин санын азайтуу максатында, азык-түлүк жарманкесин кайрадан жандандыруу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын кошумчалады.

Эске сала кетсек, өкмөт массалык жайларга топтолууга, той өткөрүүгө тыюу салган.

 

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18