24.kg
15:41, 19 марта 2020, 24.kg

Россияда коронавирустан көз жумган алгачкы учур катталды

Москвадагы жугуштуу оорулар бейтапканасында коронавирус илдетин жуктуруп алган пенсионер каза болду. Бул учур Россия федерациясы боюнча алгачкылардан болуп катталып жатат. Окуя тууралуу Россия боюнча ыкчам штаб бөлүмү маалымдады.

Маалыматка ылайык, 79 жаштагы бейтап менчик ооруканалардын биринде дарыланып жаткан. Эки күндөн кийин анын диагнозунун жыйынтыгында коронавирустун симптомдору байкалган. 13-мартта жугуштуу оорулар бейтапканасына которулган.

Көз жумган пенсионердин өлүмүнө биринчилерден болуп өпкө оорусу себепкер болгон. Ошондой эле ал II баскычтагы сахар диабети, артериялык гипертония, жүрөк оорусу ж.б. оорулар менен жабыркаган.

Эске сала кетсек, дарыгерлердин айтымы боюнча коронавируска туруштук берүүчү бир гана иммунитеттин күчтүлүгү деп айтылган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18