24.kg
14:56, 19 марта 2020, 24.kg

Ошто коомдук транспорттордун айдоочулары бет кап менен камсыздалат

Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги учурда бет кап тигип жаткан ишканалардын бири менен келишим түздү. Келишимдин негизинде коомдук транспорттордун айдоочуларына көп жолу колдонулчу бет каптар таратылат. Бул туралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы билдирди.

Шаардын вице-мэри Асылбек Топчубаев эл ташыган каттамдардын тазалыгы вирусту алдын алууга жана аны жайылтпоого өбөлгө түзөөрүн  белгиледи. 

«Каттамга чыгар алды санитардык дарыгерлер менен биргеликте унааларды тазалап, дезинфекциялап, айдоочулар болсо бет кап тагып иштейли деп жатабыз. Тийиштүү талаптар аткарылбаса айдоочулар маршруттук линиядан четтетилет. Күн сайын рейд жүргүзүлүп, текшерип турабыз», — дейт Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев.

Эске сала кетсек, Ош шаарында бир күндө 10 миңге жакын бет кап өндүрүүчү ишкана иштеп баштаган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18