24.kg
14:33, 19 марта 2020, 24.kg

Штаб коронавирус боюнча суроолорго жооп бербей жатат

Коронавирусту алдын алууга түзүлгөн Республикалык штаб WhatsApp аркылуу жөнөтүлгөн суроолорго жооп бербей жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандардан билдирүүлөр келип түштү.

Алардын айтымында, WhatsApp аркылуу жөнөтүлгөн билдирүү кеткени жана окулганы көрүнүп турат. Бирок эч кандай жооп жок.

«Ыкчам чалуу бөлүмү иштебесе анда эмнеге ачылды?», — деп нааразычылыктарын билдиришти.

Ал эми, Республикалык штаб баардык билдирүүлөргө жооп берүүгө жетишпей жаткандыгын моюнга алды.

«Бул боюнча бир эле специалист иш алып барат, билдирүүлөр көп. Мындан тышкары телефон чалууларга да жооп берет. Көбүн мамлекеттик-муниципиалдык кызматтарга кошуп жатабыз. Айрым суроолордун жооптору ММКда жана башка булактарда бар», — деп билдирди штаб.

Эске сала кетсек, коронавирус боюнча 0312881684, 0312881853, 0312881850 номурлары аркылуу байланышка чыгып, 0770895556 номуруна WhatsApp аркылуу кайрылса болот.

Кыргызстандагы вирус боюнча ыкчам билдирүүлөр менен кабардар болуу үчүн Республикалык штабдын Telegram каналына жазылсаңыз болот.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18