24.kg
13:34, 19 марта 2020, 24.kg

Кыргызстандагы алты лабораториянын экөө гана иштеп жатат

Коронавирусту аныктоочу тест-системасы жеткиликтүү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымдады.

Маалыматка ылайык, Бишкек менен Ошто эки лаборатория иштеп жатат.

«Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ооруканалардагы дары-дармектерге бирдиктүү көзөмөл жүргүзөт. Буга чейин фармацевттик компаниялардын башчылары менен жолукканбыз, алар кампаны керектүү каражаттар менен толуктоону сунушташкан. Январь, февраль айларында дары-дармектер келип түшкөн. Тартыштык болбойт. Биз баардык тоскоолдуктарды алып жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түздүк. Бизде 6 лаборатория бар, алардын экөө иштеп жатат. Дагы экөө иштөө алдында турат. Аларды бүгүн-эртеңден Жалал-Абадка жеткиребиз. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун бир талабы бар, алар аттестациядан өткөрүлөт», — дейт Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Эске сала кетсек, Жала-Абад облусунда кичи ажылыктан келген 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18