24.kg
12:22, 19 марта 2020, 24.kg

Депутаттар #Ынтымак флешмобун өткөрүштү

Жогорку Кеңештин депутаттары «COVID-19 илдетин ынтымак менен жеңебиз» аттуу #Ынтымак флешмобун өткөрүштү. Бул тууралуу коронавирус боюнча түзүлгөн Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү жыйында эл өкүлдөрү элди дүрбөлөңгө түшпөөгө жана биригүүгө чакырган жазууларды кармап, ынтымакка үндөштү.

Photo 158791

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавирус катталганга чейин жалган маалыматтар тарап, эл дүрбөлөңгө түшүп, базарларда азык-түлүк талашып урушкан окуялар катталган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18