24.kg
11:24, 19 марта 2020, 24.kg

Бизнес коронавирустун айынан жабыр тартпашы керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, Жогорку Кеңештин депутаттарына өлкөдөгү коронавирустун абалы боюнча маалымат берет.

Премьер-министрдин айтымында, коронавирустун Кыргысзстанга келиши күтүүсүздөн болгон жок.

«Биздин дарыгерлер ар бирин текшеришти. Бул күтүүсүздүк эмес. Ал эми бейтаптар жугуштуу оорулар ооруканасына жатканда эле коронавирус экендигин аныкташты. Башында экөөнөн вирус аныкталган, кийин дагы бирөөнөн чыкты. Нарын облусунда дагы бир жаранды жаткырышты, бирок анын анализдери жакшы. Учуп келгендердин арсында жубайлар дагы бар, ал эми вирус экөөнүн бирөөсүнөн гана аныкталды», — деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалыматында.

Ошондой эле өкмөт башчы «коронавирус биз менен чектеш мамлекеттердин баарында катталды, бирок баардык мамлекеттин позициясы бир. Биснес жабыр тартпаш керек. Ал эми азык-түлүктүн запасы Кыргызстанда жеткиликтүү. Эч бир мамлекет соода жолдорун жаппайт. Бир гана ишкерлерди катуу текшерүүгө алышат», — деп кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18