24.kg
11:11, 19 марта 2020, 24.kg

Кыргызстанда күнүнө 70 миң бет кап тигилип жатат

Кыргызстанда күнүнө 70 миң бет кап тигилип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус боюнча дүйнөдө кырдаал курчуп бара жатканда эле Кыргызстанда 3,5 миң маска болчу. Аны 3 күн ичинде сатып алып коюшкан.

«3,5 миллион масканын 1,5 миллиону табылды. Аны чет өлкөгө алып чыгып кетүүгө аракеттенишкен. Андан тышкары, айрым кызылкулактар сатып алып, катып коюп, кийин сатам дегендер бар», — деди ал.

Өкмөт башчы учурда Ош, Бишкекте бет кап тигилип, күнүнө 70 миң маска чыгып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы дарыканаларда дагы эле медициналык маскалар тартыш. Саламаттыкты сактоо министрлиги баасы 10 сомдон кымбаттатууга тыюу салган. 

Айрым активисттер дагы элди бет кап менен камсыз кылууда. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18