24.kg
11:06, 19 марта 2020, 24.kg

Өмүрбек Бабанов медиктерди жана пенсионерлерди колдоого 5 миллион сом бөлөт

«Республика-Ата-Журт» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов дарыгерлер менен пенсионерлерди колдоо ирээтинде 5 миллион сом которот. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына маалымдады.

Анын айтымында, 5 миллион сомдун 3 миллиону дарыгерлерге, 2 миллиону 2 миң пенсионерлерге миң сомдон дары-дармектери үчүн берилет.

«Биз баардыгыбыз башыбызды бириктирип, бул тумоону жеңишибиз керек. Короновируска каршы күрөштү жөнөкөй жараныбыз да, бизнесменибиз да колдоого алышы керек. Бүгүн, элибиз үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүнү мен да жаранадык милдетим деп эсептейм. Аныдктан биз 5 миллион сом бөлүүнү чечтик. Биз сөзсүз бул абалга туруштук берип, мурдагыдан дагы күчтүү чыгабыз», — деп билдирген Өмүрбек Бабанов.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда Сауд Арабиядан коронавирус аныкталган 3 бейтап менен бирге бир учакта учуп келген 144 адам карантинге жаткарылды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18