24.kg
17:47, 18 марта 2020, 24.kg

Дональд Трамп президенттикке талапкерлигин көрсөттү

АКШнын президенти Дональд Трамп Флорида менен Иллинойсе штатында өткөн «шайлоо алдындагы талапкерлерди аныктоо» ыкмасынын (праймериз) жыйынтыгы менен, 2020-жылы боло турган президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү үчүн жеткиликтүү делегаттарды топтой алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бул эки штаттагы праймериздин жеңиш алып келиши менен июль айындагы съездде Дональд Трамп 1 миң 276 делегатка караганда көбүрөөк добуш топтой алат.

Президенттик шайлоодо Демократиялык партиялардан Дональд Трампка эң биринчилерден болуп атаандаш катары АКШнын мурдагы вице-президенти Джо Байден турат. Дал ушундай мүмкүнчүлүк менен алардын катарында америкалык саясатчы Берни Сандерс да бар.

Эске сала кетсек, АКШнын президенттигине шайлоо мөөнөтү 2020-жылдын 3-ноябрына пландалууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18