24.kg
17:01, 18 марта 2020, 24.kg

Ислам Каримовдун кызы 13 жыл 4 айга эркинен ажыратылды

Ташкент шаардык сот Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримовага козголгон кылмыш иши боюнча териштирүүнү жыйынтыктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Гүлнара Каримова уюшкан кылмыштуулук топ менен иштегенине байланыштуу 13 жыл 4 айга эркинен ажыратылды. Жаза өтөө мөөнөтү 2015-жылдын 21-августунан тарта эсептелинет. Ага карата 2020-жылдын 8-январынан тартып Ташкент шаардык сотунда кылмыш иши боюнча соттук угуу башталган. Буга чейин да Гүлнара Каримованын үстүнөн бир нече кылмыш иштери козголгон. 2019-жылдын март айында Ташкент облусундагы Зангиата районундагы аялдар абагына камакка алынган.

Эске сал кетсек, Гүлнара Каримова басым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен көптөгөн компаниялардын мүлктөрүн өзүнө каттатып алган. Ал жалпысынан 165 млн доллар жана 85 млрд сумга зыян келтирген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18