24.kg
15:32, 18 марта 2020, 24.kg

Аймактарга эл ташыган такси акысы эки эсе кымбаттады

Шаар аралык каттаган таксилердин айдоочулары райондорго жеткирүү наркын 2 эсе көтөрүшкөн. Бул тууралуу окурман 24.kg агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, буга чейин Бишкектен Жалал-Абадга чейин баруу жол акысынын жогорку баасы 600 сомду түзсө, коронавирус пайда болгондон тартып 1500, 2000 сомго чейин көтөрүлдү.

«Мен Улуттук университетте окуйм, азыр бизде карантин болгондугуна байланыштуу ата-энем Аксыга чакырышканынан келгем. Биз Аксыга кетүү үчүн Ош базарына барып таксиге отурабыз. Буга чейин 500 сом менен келип жүрсөм, бул ирээт 1500 сом менен келдим. Элди мындай кырдаалда пайдаланып калууга болбойт», — дейт окурман.

Эске сала кетсек, коронавируска карата өлкө боюнча ЖОЖдор, мектептер каникулга тарашкан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18