24.kg
15:07, 18 марта 2020, 24.kg

Жалал-Абаддагы мекемелерде кабыл алуу телефон аркылуу гана жүрөт

Жалал-Абад шаардык мэриясынын имаратына бүгүнтөн тартып кызматкерлерден башка жарандар киргизилбейт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

 Кызматкерлер телефон аркылуу иш алып барышат. Башка мекемелерге дагы ушундай тартип менен иштөө сунушталууда.

Маалыматка ылайык, Бүгүн Сузак районунда коронавирус катталгандыгына байланыштуу Жалал-Абаддагы мамлекеттик мекемелер менен ишканаларга вирусту алдын алуу ирээтинде күчөтүлгөн тартипти кабыл алды. Анда мекемелердин кызматкерлеринен башка бир дагы адам имаратка кире албайт. Ал эми кызматкерлер менен телефон аркылуу гана байланышууга болот.

 Эске сала кетсек, Сузакта Сауд Арабиядан келген 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18