24.kg
14:39, 18 марта 2020, 24.kg

Шенген зонасына кирүүгө 30 күнгө тыюу салынды

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери үчүнчү өлкө жарандарынын Шенген зонасына 30 күнгө киришине тыюу салууга макулдашты. Бул тууралуу Германия канцлери Ангела Меркель билдирди.

Анын айтымында, Германия өз чек арасы аркылуу чет өлкөлүк жарандарды Евробиримдиктин аймагына өткөрүүнү токтотту. Чектөө жакында альянстан чыгып кеткен Британия жарандарына да тиешелүү.

Шенген зонасына кирүүгө тыюу салынарын күн мурун Франция президенти Эммануэль Макрон да кабарлаган.

Шенген зонасына ЕБнын көптөгөн өлкөлөрү, андан тышкары Швейцария, Норвегия, Исландия жана Лихтенштейн кирет. Бул өлкөлөр арасында чек ара көзөмөлү жок. Бирок учурда бир катар мамлекеттер чек араларын жабууга аргасыз болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясынын очогу Кытайдан Европага көчкөнүн маалымдаган. Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн ичинен Италияда 30 миң, Испанияда 10 миң, Германия жана Францияда да бир нече миң киши вирус жуктуруп алды. Инфекция ЕБга мүчө бардык өлкөлөргө тарады.

Меркель учурда Шенген аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарды мекенине кайтаруу боюнча Евробиримдик бирдиктүү эреже иштеп жатканын да белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18