24.kg
13:49, 18 марта 2020, 24.kg

Парламент депутаты Сауд Арабия баргандыгы боюнча маалыматты четке какты

Социалдык тармактарда интернет колдонуучулар 17-февралдан 22-февралга чейин Сауд Арабиясына расмий иш-сапары менен баргандар коронавируска карата текшерүүдөн өткөн-өтпөгөнү тууралуу кызыкдар болушууда.

Расмий иш-сапар менен Сауд Арабияга Жогорку Кеңештин өкүлү Дастанбек Жумабеков, Мирлан Бакиров, Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев, Абдимуктар Маматов жана Кыргызстандын муфтийи ажы Максатбек Токтомушевдер барышкан.

Facebook социалдык тармагына депутат Алиярбек Абжалиев дагы Сауд Арабияга барып, 12-мартта кайтып келгендигин жазышууда. Бирок депутат 24.kg агенттигине маалыматты четке какты.

«Мен, жаңы жылдан бери өлкөдөн эч жака чыга элекмин. Жогорудагы маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бизде, 24-мартта Грузияга баруу белгиленген, бирок аны токтотуп койду», — дейт Алиярбек Абжалиев.

Анын билдирүүсүндө, кичи ажылык сапарына депутаттын тааныштары барып келишкен.

«12-мартта Сауд Арабиядан менин тааныштарым келген. Бул тууралуу бүгүн парламенттин отурумунда айттым. Мен алар менен жолуккан эмесмин, алардын келгенин кечээ ган билип анан телефон менен сүйлөштүм. Алар келгенден кийин бир жума эркин эле жүрүшкөнүн айтышты. Кечээ гана карантинге алышыптыр», — деп билдирди Алиярбек Абжалиев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18