24.kg
13:20, 18 марта 2020, 24.kg

200гө чукул турист Кыргызстанга кайтып келе албай жатышат

Туристтик сапар менен чет өлкөдө жүргөн 200дөй жаран Кыргызстанга кайтып келе албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн консулдук кызмат департаментинин орун баасры Муса Көчөрбаев маалымат жыйында маалымдады.

Анын айтымында, бул маселе боюнча Транспорт жана жол министрлиги, ошондой эле Маалымат, маданият жана туризм министрлиги иш алып барышууда. Алар азыр маршруттарды карап чыгышууда.

«Жарандардын келиш акысын төлөө келишими менен алдырып алууга мүмкүнчүлүктөр каралып жатат. Менчик туркомпаниялар бул маселе боюнча кайрылышууда, алар дагы көмөк көрсөтүүгө даяр. Туристтердин коопсуздугу боюнча келишимге кол коюлган. Биздин жарандар Гоа, Шри-Ланка жана башка өлкөлөрдөн келе алышпайт. Алар ал жака Казакстан коронавирусту алдын алуу ирээтинде өзгөчө тартибин киргизгенге чейин кетишкен», — дейт Муса Көчөрбаев.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18