24.kg
12:59, 18 марта 2020, 24.kg

Кыргызстан 19-марттан тарта чет элдик жарандарды киргизбейт

Кыргызстанга 19-марттын 00:00үнөн тартып  чет элдик жарандар убактылуу киргизилбейт. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, бул чектөө эл-аралык жүк ташуу менен алектенген ишканалардын айдоочуларына жана дипломаттык кызматтардын өкүлдөрүнө тиешеси жок.

“Кыргызстандын жарандары Кыргызстанга чыгып-кире алышат. Бирок чет өлкөлүк жарандар келген өлкөсү кайсы категорияга киргенине жараша карантинге алынат. Аны менен катар чет элдиктер каалаган убакта Кыргызстандан чыгып кетүүгө укуктуу”, - дейт Нурлан Абдрахманов.

Эске сала кетсек, коронавирус Кыргызстандан дагы аныкталып, коомду чочулатууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18