24.kg
12:57, 18 марта 2020, 24.kg

Алматада Делиден учуп келген 19 кыргызстандыкты аэропорттон чыгарбай турат

Казакстандын Алматы шаарынын аэропортунда учурда Индиянын борбору Делиден кайтып келген 19 кыргызстандык кармалып турат. Бул тууралуу коронавирус коркунучуна байланыштуу түзүлгөн республикалык штаб кабарлады.

Казакстан чек арасын чет өлкөлүктөр үчүн жаап салган.

«Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги казак тарап менен кыргыз жарандарын алып чыгып кетүү жөнүндө макулдашты. Алар үчүн трансфер уюштурулат», — дейт штаб.

Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келишкен. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18