24.kg
12:43, 18 марта 2020, 24.kg

Кыргызстанда бет кап менен бизнес жасагандар жоопко тартылат

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы медициналык масканын наркын көтөрүп, кымбат сатып жаткан аптекаларга сотко чейинки кылмыш ишин козгойт. Бул тууралуу мекеменин пресс-кызматчысы билдирди.

Тактап айтсак, беткаптар менен антисептикалык каражаттардын кымбат сатылып жаткандыгына эл нааразы. Бул маселенин чын-төгүнүн тактоо ирээтинде финполдун кызматкерлери калаадагы аптекаларга текшерүү жүргүзүштү. Алар Бишкектеги 6 аптекадан 1 даана медициналык беткап 15 сомдон 20 сомго чейин сатылып жаткандыгын аныкташкан.

«Өкмөттүн жарлыгында айтылгандай 1 даана бет каптын наркы 10 сомдон ашпоого тийиш жана бир адамга 3төн ашык бет кап сатылбайт. Киев көчөсүндө жайгашкан аптекалардын биринде бирдик үчүн 60тан ашык маска 15 сомдон сатылып алынган. Токтогул көчөсүндөгү аптекадан жумушчулар 16 бет капты 50 сомдон сатып алышкан. Чүй проспектисиндеги аптекалардын биринен 350 бет кап 20 сомдон сатылып алынган. Дал ушундай фактылар бир нече аптекалардыг катталды. Финпол «Монополиялык иш-аракеттер жана атаандаштыкты чектөө» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү колго алат», — деп билдирди Финполтун пресс-катчысы.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18