24.kg
10:32, 18 марта 2020, 24.kg

Коронавирус жуктуруп алгандар менен бирге Кыргызстанга 135 адам учуп келген

Сузактагы COVID-2019 коронавирусунун симптомдору аныкталган 3 адамдаын учурдагы абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 18-марттагы кезексиз өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Коронавируска чалдыккандар Жалал-Абад шаарындагы профилактикага жаткырылып, керектүү чаралар көрүлүүдө. Маалыматка ылайык, илдетке чалдыккан жарандар 70, 62 жана 46 жаштагы эркектер. Учурда абалдары канааттандыраарлык.

«Жалпысынан бир учакта 135 адам учуп келген, учурда алардын ичинен 90нун таптык, алар кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасап, кеч болгондугуна карабай анализ тапшырууга макул болушту», — дейт Космосбек Чолпонбаев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18